Menu

Жээнбеков менен Сегизбаев эмнеге Бабановду чаап салышты?

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков 27-март күнү УКМКнын анабашы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, “коррупцияга каршы күрөштүн темпин күчөткүлө!” деп көрсөтмө берген. Анан эле 28-март күнү Сегизбаевдин конторасы Өмүрбек Бабановго каршы кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга даярданган” деген беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши козголгонун шардана кылды. Эми Бабановду Канат Исаевге байлашып, анын ишин сотко өткөрүп, Бабановдун ишин өзүнчө бөлүп “Кыргызстанга эле келсең  камаласың, ишенген кожоң да сактап кала албайт” деп эскертүү кылып коюшту. Бул эми мыйзам чегинде каралчу эле иш болсо керек.  Бабанов жана анын бул жердеги нөкөрү Руслан Казакбаев Бабановдун ишин жөнгө салуу, анын Кыргызстанга коопсуз кайтып келүү  маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү түптүз Атамбаев жана Фарид Ниязов менен жүргүзүшүп, аларды жибитип коюшканы айтылууда. Эми  Атамбаев менен Фарид Ниязов Бабановго “мейли кечирдик, мобул-мобул шарттарды аткарсаң … келе бер” деп “добро” бергени да ачыкка чыгабы?

Мындай сүйлөшүү жүргөнүн билип калышкан Жээнбеков менен Сегизбаев  “ээ балапан,  сен кимдер менен сүйлөшүп жатасың? Баарын эле ошолор чече бербейт, азыр бийлик башка адамдын колунда!”- деп эскертип, экинчи кылмыш ишин ачыкка жарыялашыптыр. Бул албетте Бабановго гана ишаарат эмес, “бир ок менен эки коён атыптыр” дегендей Жээнбеков менен Сегизбаев биригип, Атамбаев менен Фарид Ниязовго да “эй берендер, азыр баардык маселелерди силер чече албайсыңар, өлкөнүн кожоюну башка” деген ишаараты болдубу? Сегизбаев да таасири кеткен президенттен оолактап, азыркы өлкө башчынын тегерегине кире качканы чындыкпы? Бабанов жана анын нөөкөрлөрү кайсы акылы менен окуянын ушундай өнүгүп кетерин алдын-ала баамдап-аңдап биле алган жок. Акылдуу адам жумуртканы бир эле корзинага сала бербей, бир нече корзинага бөлүп салары белгилүү эмеспи…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: