Үстүбүздөгү жылдын бүгүнкү күнгө карата көмүрдүн баасы ноябрь айына салыштырмалуу 156,37 сомго же 3,3%га төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Улуттук статистика комитет билдирди.
Ноябрдын айына салыштырмалуу да көмүрдүн баасы 152,24 сомго же 3,3%га арзандаган.
Бүгүнкү күнгө карата 1 тонна көмүрдүн аймактардагы баасы: Баткен ш. – 7 807,93 сом, Ноокатта – 7 508,79 сом Исфана шаарында – 6 387,49 сом, Балыкчы шаарында 3 694,59 сом, Нарында 3500,00 сом, ал эми Чаек айылында 2 500 сом.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ