Ишемби, 21-декабрь күнү Ош шаарында кыз-келиндер арасында волейбол боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Турнир депутат Жыргалбек Калмаматовдун жаркын элесине арналып өткөрүлгөн.
Эл аралык турнирде Ош, Андижан (Өзбекстан), Бишкек жана Ош облусунан келген командалар күч сынашкан. Аталган турнир жекшемби, 22-декабрь күнү аяктаган.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев катышып, бир катар спортчуларга жана машыктыруучуларга “Кыргыз волейболуна 90 жыл” маделын тагып, эң мыкты спортчуга акчалай сыйлык берген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ