Бүгүн, 23-декабрь күнү жылдын мыкты спортчуларын сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Бүгүнкү майрамдык салтанатка вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөттүн атынан сүйлөп, келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, дүйнөлүк аренадагы биздин спортчулардын жетишкендиктерин баса белгилеп айтты.
Кыргызстандык спортчулар үстүбүздөгү жылы эл аралык турнирлерде 1 306 медаль утушкан. Анын ичинен: 442 алтын, 367 күмүш жана 497 коло медаль.
Өкмөттүн жыйынтыгы боюнча: Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү), Атабек Азизбеков, Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү), Эрназар Акматалиев (эркин күрөш), Дарья Маслова, Юлия Андреева (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Нурбек Тойчубаев (пара триатлон), Адилет Камчыбеков (пара паурлифтинг), Ильгиз Каналбек уулу (самбо), Азат Усеналиев (бокс), Юрий Краковецкий (дзюдо), Марлис Дуулатбеков (тогуз коргоол), Асанкелди Нурказы уулу (кыргыз күрөш), Абдурахман Муртазалиев (джиу-джитсу) 2019-жылдын мыкты спорчулары болуп таблды.
Ошондой эле жогоруда аталган спортчулардын машыктыруучуларына да сыйлык тапшырылды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ