Чет элдик жаран пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрь күнү УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 19-декабрь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Кылмыш кодексинин “Пара берүү” беренеси менен мурда козголгон кылмыш иштин алкагында 15 миң доллар пара берип жаткан “Д.Ч” чет элдик компаниянын өкүлү кармалган.
Акча каражаты жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү көзөмөлдүк милдетти аткарган кызматкерге техникалык долбоорго байланыштуу маселелерди оңунан чечип берүү максатында берилген.
Бул факт боюнча учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ