Чүй облусунун Москва районунда мал уурдоого шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-декабрь күнү билдирди.
Буга чейин Москва районунун милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургундардан бодо малдар уурдалгандыгы тууралуу 3 арыз келип түшкөн.
Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада кылмышка шектүү делип 20 жаштагы Т.К., 17 жаштагы К.А. жана 16 жаштагы Ч.Б. кармалган.
Шектүүлөр барлык бодо малдарды түн ичинде сарайдан уурдашкан.
Азыркы учурда кармалгандар башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ