Бүгүн, 25-декабрь күнү дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жаңы унаалуу болду. Бул тууралуу балбан кыз социалдык баракчасына жазды.
“2019-жылкы “Тойота” үлгүсүндөгү автоунааны белекке берген “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директору Б.Е.Абилдаевге терең ыраазычылык билдирем. Көңүл бурганыңызарга жана белек бергениңиздер үчүн рахмат!” – деп Instagram баракчасына жазган.
Белгилей кетсек, ушул жылдын ноябрь айында Айсулуу Тыныбековага «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев «Toyota Camry» үлгүсүндөгү машина белек кылгандыгы маалым болгон. Бүгүн болсо ал унаанын ачкычын алып отурат.
Эскерте кетсек, 20-сентябрда Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча мелдеште 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетип, дүйнө чемпиону болгон.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ