Menu

Бишкектин Ауэзов көчөсү 1/5 дарегиндеги айдоочулук күбөлүктү берүү бөлүмү дем алышта дагы иштейт

Бөлүшүү:

Айдоочулук күбөлүктү берүү бөлүмү дем алыш күндөрү 28-29-декабрда да иштейт. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматы Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, 2020-жылдын 20-февралына чейин узартылгандыгын билдирет.

Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жарандардан арыз Унаа мамлекеттик мекемесинин бардык аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат.

Бишкек шаары боюнча айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар Бишкек шаары Ч.Валиханов 2 дарегинде («Аю Гранд» гипермаркетинин аймагында), ал эми айдоочулук күбөлүктөрдү берүү М. Ауэзов 1/5 дарегинде жайгашкан төртүнчү калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт.

“Ошол эле учурда колдонуудагы (Эски үлгүдөгү) айдоочулук күбөлүк мөөнөтүнүн аягына чейин жарактуу болоорун баса белгилеп, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жарандардын өз каалоосу менен жүргүзүлө тургандыгын билдиребиз. Аталган дарек боюнча айдоочулук айдоочулук күбөлүктөрдү берүү 28,29 декабрда (ишемби, жекшемби) саат 9:00 – 17:00 жүргүзүлөт” – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: