Бүгүн, 26-декабрь күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Бишкектеги кара түтүн маселесин караш керекпи же жокпу деп депутаттар талаша кетишти.
“Бишкектеги абанын кирдөө деңгээлин азайтуу боюнча чаралар тууралуу” токтомду депутат Марлен Маматалиев демилгелеп чыккан. Бирок профилдик комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев бул маселе комитет тарабынан кара электигин айтып, көтөрүлгөн маселени күндүн темасынан алып салууну сунуштады.
Бул сунушту депутат Экмат Байпакбаев да колдоп, “Биздин комитеттен өтө элек. Ал жакта бардыгы ТЭКке тиешелүү” – деди.
“Кара түтүн маселеси өтө оорчундуу маселе болуп жатат. Муну бир ай күткөнгө убакыт жок. Бир айдан кийин кыш деле бүтүп калат. Эгерде ТЭКтен өтө элек болсо, өткөзө коюп, маселени карайлы” – деп суранды Марлен Маматалиев.
Коллегасын депутат Тазабек Икрамов колдоп чыкты. “Элдер акцияга чыгып, коңгуроо кагып жатышат. А комитет “Биз карай элекпиз” деп отурасыңар. Буга чейин бул маселени карабайт белеңер” – деп ачууланды. Жыйынтыгында Икрамов Байпакпаевди төшкө бир уруп, экөө мушташып кете жаздашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ