Кой-Таш окуясы боюнча комиссия премьердин буйругу менен 29-августта түзүлгөн. Алар акыркы корутундуларын тапшырышкандай болду. Бирок, Жогорку Кеңеште каралган корутундунун мазмуну башка болгонун комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова айтып чыкты. Бул дагы бир жолу Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу бийликтин көрсөтмөсү менен жазылганын жана чындыкка дал келбегенин айгинелеп турат. Аталган комиссиянын дагы бир мүчөсү Алишер Мамасалиевге айрым кайчы суроолорду узаттык.
-Кой-Таш окуясын изилдеген комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештен чыккандан кийин өзгөрүп кеткенин Клара Сооронкулова айым айтып чыкты. Айтор, будамайланганы айтылууда…
– Башка комиссия мүчөлөрүн билбейм, мен бир эле комиссиянын чечимине кол койгом. Ушундай сөздөр пайда болгондон кийин өкмөт аппараты тарабынан парламентке жөнөтүүгө эки күн калганда долбоорду алып, кайра текшерип чыккам. Мен кол койгон чечим менен эч кандай айырмасы жок болчу. Балким, башка комиссия мүчөлөрүнүн көз караштары башка болушу мүмкүн. Бирок, мен пикиримди билдирдим. Мен үчүн бул маанилүү документ. Комиссиянын акыркы чечими архивде калат. Ага да өз убагында тарых дагы эл дагы өз баасын берет.
Клара Сооронкулованын сөзүнө комментарий бербей эле коёюн. Себеби, ал өз пикирин билдиргенге укугу бар. Анын пикири башка, менин пикирим башка. Комиссиянын иштеринде мындай учурлар орун ала берет экен.
– «Комиссия ишин будамайлады» деген кептер болууда. Сиздин оюңузча, комиссиянын иши өз максатына жеттиби?
– Биз чечимдеги өкмөткө берген талаптардын баары аткарылса, УКМК, ИИМ прокуратуранын жоопкерчилиги боюнча тийишүү адамдар жоопко тартылса, комиссия өз максатына жетти (!) деп ойлойбуз. Азырынча Жогорку Кеңеш өкмөткө чечимдин негизинде тапшырма берип, токтом кабыл алды. Жакын арада өкмөт токтом боюнча чараларды көрүш керек. Эгер андай кадамдарга барбаса, максатыбызга жеткенибизди айталбайм.
Токтомдо башкы прокуратурага да тапшырма берилген. Коопсуздук кеңешке, ИИМге 7-8-августта болгон окуя боюнча
алардын жасап жаткан кадамдары боюнча мыйзамдуу болдубу же мыйзамсызбы – укуктук баа берилиши керек. Биз комиссия аркылуу андай бааны бере албайбыз. Бир гана саясый баа бере алабыз жана мындай окуялар кайталанбашы керек (!) деп рекомендация бергенбиз.
– Иш процесси кандай жүрдү?
– Комиссия ачык иштеди. Ар тараптуу маалыматтарды алды. Кой-Таш окуясына катышкан жарандардан маалыматты толук кандуу алдык. Бүгүнкү күндө өкмөттөн Жогорку Кеңеш тарабынан берилген токтомдун аткарылышын күтүп жатабыз. Ал жерде тийиштүү кишилер жоопко тартылышы толук жазылган. ИИМ ишине, УКМК ишине да баа берилиши керек. Эгерде ошол баа берилип, тийиштүү адамдар жазаланса, максатыбызга жеткен болобуз.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ