Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, коронавирустан улам Нарын облустук ооруканасында 84 жаштагы аял киши жана Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 55 жаштагы эркек көз жумган.
“Каза болгон 84 жаштагы аял буга чейин дагы эски ооруларынан жабыркап, дарыланып жүргөн. Кечээ дагы эски оорулары козголуп, провизордук госпиталга алынган. Андан кийин жандандыруу бөлүмүнө которулуп, медициналык жардамдын көрсөтүлгөнүнө карабастан каза болду. Анализдерин алып тастыктаганда, коронавирусту жугузуп алганы тастыкталды. Маркум санитардык эрежелер боюнча жерге берилген” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
“Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында көз жумган жаран 28-апрелден бери ооруканада жатып, дарыланып жаткан. Оорунун оор клиникалык белгилерин бергендиктен, реанимацияда жаткан. Дарылоо процесси болуп жатканына карабастан, кайтыш болду” – деп билдирди министрдин орун басары.
Ошентип, Кыргызстан боюнча коронавирустан улам 14 адам каза болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ