Бишкектеги Г.Айтиев атындагы музейинде өткөн көргөзмө феминаленин куратору Айгүл Карабалинанын билдирүүсү боюнча текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 28-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, жабырлануучу Айгүл Карабалинанын өзүнөн милицияга арыз түшкөн эмес. Милиция ал кайрылбаса да, социалдык тармактагы билдирүүсү боюнча текшерүү иштерин баштаган.
Буга чейин, кечээ, 27-декабрда жабырлануучу Айгүл Карабалина ага түнкүсүн кол салуу болуп жабыркаганын, аны алар аябай коркутканын, “милицияга кайрылба!”,- деп да коркутканын социалдык тармактарга жазып чыккан.
Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминале башталып, 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган. 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен убактылуу токтотулган жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулган. Ал иш-чарадагы жат көрүнүштөргө каршы акцияны 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында уюштурган. Аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирип, бул боюнча жумушчу топ түзүлүп текшерилээрин жана убактылуу токтотулаарын билдирген. Эртеси, 3-декабрда министр музейде жат көрүнүшү жок феминале уланаарын айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ