– Илим Майрамбекович, сиз учурда КТРКнын жетекчилигине экинчи мөөнөткө калуу үчүн аракет көрүп жатасыз. Албетте, бул сиздин укугунуз. Бирок сиздин дарегиңизге ачуу сындар айтылып жатат, эмнеге көңүл бургуңуз келбейт? «Эл оозунда элек жок» деген эрежени карманып жатасызбы? Өзүңүз «Экинчи мөөнөткө өлүп кетсем да барбайм» – деп карганып алып, эмнеге кайра оюңузду өзгөрттүңүз? Мансап, акча жигиттик сөзгө тургузбай, шерменде кылат бекен? Кыргыз эзелтен «сөзүм өлгөнчө өзүм өлөйүн» дечү эле. Сөзүңүзгө турбаганыңыз үчүн катындын, ишин кылып жатат десек жарашабы? КТРКга эмнеге жармашып жатасыз? Биринчи мөөнөттө каналдын ички ремонтун, техникалык абалын жакшырттыңыз. Бул үчүн алкыш. Бирок чыгармачылык затын оңдой алган жоксуз да чынбы? Башкалар келсе деле оңдой алышы мүмкүнбү? Же баягы эле бийликтин «токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет» болгон саясатынан арылбайбы? Арылбаса, мен келемби, Ташмат келеби, Акмат келеби КТРК таз кейпинен жазбайт деп айтканга эркиңиз жетеби? Намысыңыз калса ушуну айтып бир эрдик кылбайсызбы?..
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ