2016-жылдын 20-декабрында Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин демилгеси менен депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрүлөт.
Парламенттик угуу Жогорку Кеӊештин жыйындар залында саат 9:00дө башталат.
Парламенттик угууга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, чыгармачыл уюмдар менен эксперттер чакырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ