Menu

Видео – Нурбек Сыдыгалиев, “Ата Мекендин” жаңы депутаты: “Текебаевдин айткандары жалган, Шыкмаматов экөөсүнүн жаңжалы мен үчүн эмес, башкадан чыккан”

Бөлүшүү:

– Айтсаңыз, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Алманбет Шыкмаматов менен Нурбек Сыдыгалиевдин ортосунда 2,5 жылдан депутат болуу боюнча макулдашуу болгон” деп жатат, ошондой макулдашуу болгонбу?

– Биз Шыкмаматов экөөбүз 2015-жылы шайлоого бирге барганбыз, экөөбүз бир жерденбиз, ага-ини болуп жүрөбүз. Мандат боюнча бизде андай келишим да болгон эмес. Бул чындыкка дал келбейт. Экөөбүздүн ортобузда андай сүйлөшүүлөр болгон эмес.

Текебаев нотариалдык күбөлөндүрүү менен кол коюлуп, катталган деп жатпайбы?

-Эч кандай нотариалдык күбөлөндүрүү болгон эмес…

Текебаев айтып жатпайбы, Нурбек Сыдыгалиев депутаттык мандатты ала турган болгондо Алманбет Шыкмаматовго кылмыш иши козголуп калып, анан токтоп калган деп?

-Мен Шыкмаматовдон мандатты кантип ала алам?  Ал тизмеде 11-орунда турчу, мен 22-орундамын, ортобузда көп кишилер бар эле…  Шыкмаматов кетсе менин алдымда турган 11 кишинин бири алыш керек болчу. Андай аракеттер болгон эмес, келишим да болгон эмес. Бул чындыкка жатпайт.

-Ошондо Текебаев жалган айтып жатабы?

-Ошондой болуп калышы мүмкүн…  Анткени анын айтуусу боюнча жаңжал Шыкмаматовго мандатты тапшырып, Нурбек Сыдыгалиевге бер дегенден келип чыккан. Андай эмес. Мен алардын жаңжалы эмнеден чыкканын билем. Бирок айта албайм, аны Текебаев менен Шыкмаматов өздөрү айтышсын…

-Бирок Текебаевдин сизди ортого аралаштырып, Нурбек Сыдыгалиев үчүн орун бошот дегенинен  жаңжал чыкты дегени жалган экен да?

-Ал жалган сөз. Мен үчүн болгон эмес. Экөөсүнүн конфликти башка,  алар өздөрү билет. Өздөрүнөн сурап алсаңар болот…

https://www.youtube.com/watch?v=puiD1gg8ct4

Булак: Kyrgyztoday.kg

Видео: Медиа центр

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: