Menu

Видео — Куралдуу күчтөрдүн жана ЖАМК аскер кызматкерлери батирлеринин ачкычтарын алышты, аларды жаңы конушу менен Президент Сооронбай Жээнбеков куттуктады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-декабрда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери жаңы батирлердин ачкычтарын алышты. Аларды жаңы конушу менен Президент Сооронбай Жээнбеков  куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын катышуусу менен Бишкек шаарынын 12-микрорайонунда аскер кызматкерлери жана Чүй областынын Аламүдүн районунун Молдовановка айылында ЖАМК кызматкерлери үчүн турак жайлардын ачылыш аземи болуп өттү.

Президент аскер кызматчыларын кубанычтуу окуя менен куттуктап, бул Жаңы жылдын астында болуп жаткандыгынын символикалуу экендигин, аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртууга мындан ары да өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.

Мекенге кызмат кылууга бекем туруп, чын ниети менен кызмат кылгандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир үйгө 200 миң сомдук сертификаттарды тапшырып, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү менен баарлашып, аларды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады жана чын ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Маалымдама: 2019-жылда Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 265 батирлүү 9 үй курулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: