Бүгүн, 30-декабрда Бишкекте, чет өлкөлөрдөн автоунаа ташып саткандар Президентке, парламентке, Өкмөткө чукул кайрылуу жасашты. Алар октябрь айында жана ноябрь айынын башында чет өлкөлөргө заказ берип, алып келатышкан автоунаалары Өзбекстан менен Казакстандын чек араларында жасалма жол менен кармалып тургандыгын. Анткени 2 күндөн кийин алар жаңы тарифтер менен кымбат бажы пошлинасына кабыларын билдиришти. Ошондуктан өкмөттөн чек арада кармалып турган машиналарды алдын-ала эле, жаңы жылга чейин “растаможка” кылып коюуну суранышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ