Бишкек шаарында бутун сындырып алган 80 жаштагы аялга куткаруучулар жардам беришти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 31-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан №4 үйгө ӨКМга чакыруу келип түшкөн. Айтылган дарекке 5 куткаруучу барып, 5-кабатта жашаган жашоочу, 80 жаштагы бутун сындырып алган аялга жардам беришип, тез жардам чакырып, өткөрүп беришти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ