Бүгүн, 31-декабрда Чүй проспектисинде транспорт каттамына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү, кечки саат 18:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин жабылат. Жаңы жылга карата уюштурулган концерт 31-декабрда, кечки саат 20:00дөн башталып, түнкү 23:30дө жыйынтыкталат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ