Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдынан түнкүсүн табылган кичинекей кыздын ата-энесин милиция издеп баштады. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 3-январда журналисттерге билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, эки жаштагы кыз 2019-жылдын 29-декабрында Ош шаарындагы Навои көчөсү менен Курманжан Датка көчөлөрү кесилишкен жердеги көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан түнкү саат 01:30 чамасында табылганы тууралуу милицияга маалымат келип түшкөн. Кызды алгач жашоочулар таап, тез жардам кызматын чакырып, өткөрүп беришкен, алар милицияга билдирген. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кататалып, иликтөө иштери жүрүүдө жана кыздын ата-энеси изделүүдө. Учурда кичинекей кыз реаблитациялык борборунда адистердин көзөмөлүндө, саламаттыгы жакшы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ