Menu

Көңүл буруңуз! Аскар Салымбеков кедей болор адамдын 20 белгисин баса белгилептир

Бөлүшүү:

Белгилүү бизнесмен Аскар Салымбеков келечекте кедей болор адамдын 20 белгисин баса белгилептир. Андай кеңеши социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. Ал төмөндө:

1.Эрте турганды жаман көрөт.

2.Мүмкүнчүлүк болсо эле жамбаштап жатканды жакшы көрөт.

3.Эмгекчил адамдарды «акча дегенде өлүп кетет» деп сындайт.

4.Күнүмдүк маршруту окшош эле: Ашкана, телевизор, интернет, диван жана даараткана.

5.Кыялданат десе эле ишке ашпаган иллюзияга жетеленип, жакшы күн болорунан үмүт үзбөй күн өткөрөт.

6.Жумушу жок. Жумушка чакырса айлыгы аз деп шылтоолойт.

7.Көп акча тууралуу кыялданат, бирок, аракет кылбайт.

8.Бирөөнө сүйөнүп жашайт (аялына, күйөөсүнө, карыган апасына, эжесине же байкесине).

9.Бирөөгө акыл үйрөткөндү билет. Бирок ал акылын өзүнө пайдаланбайт.

10.Интернетке көп убакыт коротот.

11.Жанын кыйнагысы келбейт. Эки күн чарчап иштеп калса, бир жума бою эс салат, жоо чаап келгендей.

12.Дайыма бир нерсени шылтоо кылган адаты бар.

13.Жакшы көргөн сөзү «Ошол күн келе берсинчи», «Кудай деген кур калбайт», «Ар бир адамдын өз ырыскысы бар», «Бара көрөбүз», «Байлык колдун кири» ж.б.

14.Билими денгээли илгерки бойдон, же такыр эле билими жок.

15.Жаны нерсени кыйындык менен кабыл алат, же такыр эле кабыл албайт.

16.Изденбейт, өзүнүн ишканасын ачып аракет кылуу, өнүктүрүү тууралуу ойлоп да койбойт.

17.Акча чогултуу адаты жок. Бир аз ашыгыраак акчасы болсо, ал акча чөнтөгүн «тырмап» тынчтык бербей, короткуча шашат.

18.Чыгашаларын эсептебейт, зарыл болсо карызга алып шаан-шөкөт кыла берет.

19.Ачкыл, кычкыл, ачууга жакын.

20.Эн башкысы! Бекерчиликте жатып өмүр жылдары кемип, мүмкүнчүлүктөрү азайып жатканын капарына да албайт. Ыңгайлуулук зонасына (зона комфорта) батып калганын сезбейт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: