Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 18-мартта Бишкекте өткөн тынч жүрүштүн катышуучуларын тез арада бошотууга чакырды. Мындай билдирүү уюмдун сайтына 21-мартта жарыяланды.
Анда Кыргызстандын бийлиги жүрүштүн беш катышуучусун кармап, беш суткага камакка алуу менен алардын тынч чогулуштарды өткөрүү укугун бузганы айтылган.
“Тынч акциянын катышуучуларынын кармалышын, адилетсиз сотту жана алардын бир нече күнгө камакка алынышын жүрүшкө атайылап тоскоолдук кылууга жана көз карандысыз ММКлардын басымына каршылык көрсөтүүгө багытталган деп гана баалоого болот”, – деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Бишкектин Свердловск райондук соту Мавлян Аскарбековду, Айбек Мырзаны, Азамат Аттокуровду, Расул Умбеталиевди жана Мухит атту жаранды беш суткага камакка алган.
Буга чейин ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов алар тартип бузууга жана жол тосууга айыпталып кармалганын билдирген. Анын айтымында, активисттер милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы жана жол тосуу аракети үчүн бейбаштыкка айыпталып, беш суткага камалышкан.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ