Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Шайлоонун таза өткөрүү милдети бир эле мамлекеттик бийликтин колунда эмес, ал ар бирибиздин, ар бир шайлоочунун колунда

Бөлүшүү:

«Добушту сатпай коюу ар кимибиздин жеке эркибиз. Эч ким мажбурлабайт. Ошон үчүн шайлоону таза өткөрүү милдети бир гана мамлекеттик бийликтин колунда эмес, ал ар бирибиздин, ар бир шайлоочунун колунда», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Коомдук телерадио корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде добуштарды сатып алуу мүмкүндүгү тууралуу темага токтолуп.

Мамлекет башчысы таза шайлоо өлкөнүн өнүгүүсү үчүн негизги шарттардын бири экенин айтып, шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн Президент катары өз милдетин толук аткарып жатканын жана аткарарын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков таза шайлоо өткөрүү үчүн көрүлгөн чаралар  жөнүндө айтып берди.

«Биринчиден, мыйзам талаасын кечиктирбей өз убагында оңдоп, түзөдүк. Мен эки жыл мурун айткам, көп кемчиликтер бар, оңдош керек, шайлоого бир жыл калганда мыйзам талаасын баары билиши керек. Шайлоо кандай өтөт, кандай мыйзам менен өтөт — ошонун баарын тең билиш керек», – деп баса белгиледи Президент.

Ошондой эле атайын жумушчу топ түзүлүп, ал жумушчу топко Президенттин Аппаратынан, Өкмөттөн, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, Аппаратынан, эң негизгиси коомчулуктан, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн кирип, мыйзамдарга өзгөртүүлөр боюнча бир жылдай иштеп, Жогорку Кеңеш ошол өзгөрүүлөрдүн баарын кийин кабыл алып берди.

«Биз шайлоого катышам дегендер үчүн мыйзамды тактап бердик. Алар үчүн мыйзамдык негизде эч кандай күтүүсүз жагдайлар чыккан жок», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы парламент мурдагы 9 пайыздык шайлоо босогосун 7 пайызга түшүргөнүн кошумчалады.

«Мен бул чечимди колдоп, тиешелүү мыйзамга кол коюп бердим. Эмне үчүн дегенде, бул — парламентке көбүрөөк партиялар келгенге, көбүрөөк саясий күчтөр болуп, парламентте ачык талаш-тартыш менен мамлекеттин өсүшүнө салым кошсун деп, кабыл алдык. Кыскача айтканда, азыр бардыгы тең шайлоо эрежелери менен тааныш. Саясий күчтөр, саясий партиялар, шайлоого катышам деген ар бир Кыргызстандын жараны ошол мыйзам боюнча кабардар. Биз бул багытта бардыгын жасап бердик», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, экинчиден баардык саясий партияларга бирдей шарттар түзүлдү.

«30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында парламентке кайсы партиялар жеңип келсе, өлкөнү өнүктүрүү багытында иштешүүгө даярдыгымды расмий билдиргем», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент белгилегендей, үчүнчүдөн, кечээ жакында болуп өткөн Коопсуздук кеңешинде укук коргоо органдарына конкреттүү милдеттер — мыйзам алдында баардыгы бирдей болушу керектиги тапшырылды.  Шайлоо мыйзамын бузгандарга бирдей мамилени камсыздоо талабы коюлду.

«Албетте, коомчулуктун, айрым бир саясий күчтөрдүн кооптонуусун түшүнүп турам. Коомчулукта  айтылып жаткан бардык көйгөйлөрдөн кабардармын. Анын ичинде Президенттин Аппараты дагы бардык актуалдуу маселелерди мага билдирип турушат. Биз эки ирет элдик толкундоону баштан өткөргөнбүз. Айрыкча, 2010-жылы абдан трагедиялуу окуялар болду. Апрелдеги, Оштогу июнь окуясы. Ошол эки революциянын себеби — ушул шайлоонун кесепетинен чыккан толкундоо болду», -деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков коомчулукта  ар кандай кооптонуулар, имиш-имиш кептер да бар экенин кошумчалады.

«Шайлоо туура эмес өтөт деп шек санагандар дагы бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элдин оюна сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп, элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген да күчтөр бар. Анын баарын көрүп турабыз. Дагы айтып коюшум керек — Президент катары мен тараптан, Президенттин Аппараты тарабынан бардыгына бирдей мамиле болот. Бардык мамлекеттик органдарга бирдей талап болот. Келип бюллетень таштайм, шайлайм деген ар бир адамга тоскоолдуксуз оюн билдиргенге шарт түзүп беребиз», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент ошол эски адат менен, ушул шайлоонун эпкини менен тынчтыкты буза албаса да, учурдан пайдаланып, кырдаалды чайпап жибергиси  келгендер да бар экенин ачык айтты.

«Андайларга алдын ала чаралар көрүлө турганын кечээ жакында Коопсуздук кеңеште да так кесе айттылды. Чечим кабыл алып, анда да так, даана жазылды. Мен да катуу талап койдум.

Шайлоо процессине катыша турган бардык тараптар үчүн бул алдын ала кагылган коңгуроо деп түшүнсө болот. Анткени, дагы айтам, өлкөдөгү тынчтыкты, элдин тынчтыгын, коопсуздугун сактоо — менин негизги милдетим. Бул милдетти аткарып келатам», -деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал шайлоону пайдаланып, ызы-чуу кылгысы келгендер, өзүнө упай топтогусу келгендер баары көз жаздымда калбастыгын дагы бир жолу баса белгиледи.

«Мен биздин кеменгер элибизден, биздин жарандык коомдон да чоң колдоо болот деп терең ишенем. Шайлоонун тынч өтүшү — бул бир эле мага эмес, жалпы элибизге, коомчулук үчүн керек маселе. Ал эми шайлоо тазалыгын айтсам, Президент, Борбордук шайлоо комиссиясынан тышкары, саясий партиялар, саясатчылар, коомдук активисттер, шайлоочулар — баарыбыз жооптуубуз. Муну терең түшүнүү керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков

Мамлекет башчысы таза шайлоо өткөрүү боюнча зарыл болгон шарттарды белгиледи.

«Эгерде ар ким өзүнөн баштап, анан жанындагы адамдарга ошондой талапты кое-билсе, шайлоо таза, адилеттүү өтөт деп ишенем.

Мен президенттик милдетимди, БШК өз милдетин, партия, шайлоочулар өздөрүнүн укугу менен кошо милдетин так аткарса эле шайлоо таза өтөт. Бул ар бирибизге байланышкан нерсе. Ошондуктан, байкоочу же сынчы эмес, баарыбыз катышуучу болушубуз керек. Мен бардык мекендештеримди дагы бир ирет жоопкерчиликке чакырам. Бул — жалпы улуттук милдет деп баарыбыз тең сезишибиз керек», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: