Лейлек районунун баш имам хатиби Медербек ажы Намазбаев аймактагы имамдарга жыйын өткөрүп, Муфтияттан, казыят тарабынан жиберилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалыматтарын укту. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле имамдар жыйындын алкагында жыл жыйынтыгын чыгарышып, жетишкендиктер менен кемчиликтерге токтолушту.
Ал эми Лейлек районунун баш имам хатиби Медербек ажы Намазбаев ар бир имам өз ишине жоопкерчиликтүү болуусу керек экендигин айтып, имамдарды өз ишине жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Андан соң дин кызматкерлери тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, жыйындын соңунда ишти жакшыртуу боюнча атайын чечим кабыл алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ