Жалал-Абад облусунда судьянын катышуусунда жол кырсык катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, жол кырсыгы 30-декабрдын түнүндө болгон. Жалал-Абаддагы көчөлөрдүн биринде «Тойота» машинасы менен “Дэу Нексия” кагышкан. «Тойота» машинасындагы рулдагы аял мас абалда болгон. Ал документтерин милицияга көрсөтпөй койгону менен суроолорго жооп берип жатып, шаардык сотто судья экенин жана майрамдык кечеден келатканын айтып берген. Милиция кызматкерлери аны наркология бөлүмүнө экспертизага алып барышкан. Протокол толтурулуп, машина айып короого киргизилген. Кийинчерээк ал аял Жалал-Абад шаардык соттун судьясы Элмира Сулайманова болуп чыккан.
Тасмасын бул жердеги ВИДЕОдон көрүңүз:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ