Ошто мал уурдап кармалгандардын экөө үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, кечээ, 5-январда Ош шаардык сотунда шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, 1978-туулган М.К. (мурда соттолгон) менен 1996-жылы туулган К.А. үй камагына чыгарылган.
Эске сала кетсек, уурулукка шектелип кармалгандар Ноокат районунан 10 жылкы уурдап, сатуу үчүн Чүй облусуна жол тартып баратышканда кармалышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ