Талас облусунун Көк-Ой айлынын тургундары жарадар болгон ак илбирсити тирүүлөй кармашкан. Илбирс кандайча эл жашаган аймакка келип калганы белгисиз. Тургундар ал башынан жарадар болгонун байкашкан. Кимдир-бирөө аткан окшойт. Азыр жапайы жырткыч айыл тургундарынын биринин үйүндө кармалууда. Жакынкы арада атайын адистер келип, жаныбарды Бишкектеги реабилитациялык борборго алып кетүүгө тийиш. Видео:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ