Menu

Фото – Таласта башынан жарадар болуп кармалган ак илбирстин башында 70 бытыра ок бар экенин рентген аныктады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-январда Таластан Бишкекке алып келинген жарадар ак илбирсти ветврачтардан түзүлгөн консилиум карап, рентгенге тартып, анын башында чачма мылтыктан атылган 70тен ашык бытыра ок бар экендиги аныкталды. Бул тууралу КР Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо кызматынан билдиришти.

Ак илбирсти тезинен операцияга жаткырышкан ветврачтар анын башынан бүгүн 18 окту алып чыгышты. Калгандарын алып чыгуу кийинкиге калтырылды.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 9-январда Талас облусунун Көк-Ой айылынын тургундары башына ок жеген ак илбирсти токойдон кармашкан. Анын башы жана көздөрү кыпкызыл канга боёлуп жүргөн.

Кармалган илбирсти КР Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо кызматы Таластан Бишкекке алып келип, дарылоону баштады.  Бирок илбирстин тамакка табити тартпай, эч нерсе жебей жаткандыктан алсыз болуп, оор жана узакка созулган операцияга даяр эмес.

КР Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргооо кызматы илбирс Бишкекте сакайып кетсе Ысык-Көлдөгү НАБУ илбирстерди асыроо борборуна жөнөтүүнү пландаштырууда. Ал жерден толук сакайгандан кийин тоого коё берилет.

Ал эми Таласта милиция ак илбирсти башка кимдер атканын издөөгө киришти.

 

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: