Menu

Бишкекте “Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик” аттуу талкуу өттү

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү же күздө болуучу президенттик шайлоо жакындаган сайын кыргыз бийлиги саясый атаандаштарын ар кандай шылтоолор менен камап, соттоо менен гана алектенип калды. Ал эми тынч митингге чыккан жарандарды уруп-сабап, коркутуп, чындыкты айткан журналисттерди үйүнө чейин түндөсү барып коркутуп, кыскасы падышалык Россиянын учурундагы жандармерияга айланууда. Ошондуктан оппозиция “өлдү, өчтү, коркуп калды” деген сөздөр айтылууда. Бирок Ак үйдүн туура эмес саясатын бетке айткан, каршылык көрсөткөн саясатчылар бар экен. Алардын бир тобу болгон Т. Сариев, К.Ташиев, А.Келдибеков, А.Мадумаров, Э.Ибраимова, А.Сасыкбаева, А.Жекшенкулов баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер, саясат таануучулар 17-апрелде Бишкекте “Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик” аттуу талкуу өткөрүштү. Жыйындын жүрүшүндө жакын арада бийликке бирдиктүү кайрылуу даярдай тургандыктарын айтышты. Тегерек үстөлдүн башында жети пункттан турган билдирүү болмокчу. Билдирүүдө президенттик шайлоо алдында мыйзамдуулукту, туруктуулукту сактоо, таза саясий атаандаштык сыяктуу маселелер камтылмакчы. Эгер ушул топ шайлоодо бириндебей, биригип, бир талапкерди сүрөшсө, күзүндөгү шайлоодо жеңишке жетишеринен күмөн жок.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: