Menu

Марат Мураталиев, Талас облусунун губернатору: “Бир миллион сомго лифт оңдотуп жатканыбыз ырас, ал эле эмес, башка керектүү нерселер да оңдолуп жатат”

Бөлүшүү:

Талас облустук администрациясы бир миллион сомго төрт кабаттан турган лифтти оңдотуп жатат. Мындай маалыматты Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (губернатор) Марат Мураталиевден сурасак, ал тастыктады.

Анын айтымында, лифтке каражат мамлекеттин бюджетинен кеткен жок, аны “Жерүй” кенин иштеткен “Алтын-Альянс” ишканасы берген, алар бир миллион сомдун тегерегинде каражат бөлгөн. “Алардан бөлүнгөн каражат мыйзамдын негизинде бөлүндү. Дегеним, жалгыз мен чечкен жокмун. Ага комиссия түзүлгөн, тендер жарыяланды дегендей. Комиссиянын карамагынан өткөндөн кийин каражат бөлүнүп жатат. Ал акчага жалаң эле лифт оңдолгон жок, анын ичине көп нерсе кирип, оңдолуп жатат. Мисалы, администрациянын алдындагы электр жарыгын да жаркылдатабыз. Бир лампочка күйбөй калса да, аны да эмне оңдотпойсуң дегендер бар да. Ошол сыяктуу көйгөйлүү маселе менен мага келген айылдын аксакалдары: “лифтиңди оңдотуп койбойсуңбу”,- деп канча айтышты. Алар 4-кабатка чыкканча чынында чарчап калышат, алар эмес, мен дагы чарчап калам. Андыктан лифт жергиликтүү тургундардын суранычы менен оңдолууда. “Аймактарды өнүктүрүү” жылынын алкагында облус администрациясы жаркырап турса жакшы да. Эл менен иштешип жаткандан кийин, алардын да маселесин эске алуу керек!“,-дейт М.Мураталиев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: