Экс-депутат Камчыбек Ташиев учурда Италиядагы Неаполь шаарында жүргөндүгүн айтып, журналист Болот Темировдун сабалышына тиешеси жоктугун баса белгилеп, өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:
“Болот Темировдун билдирүүсүн окуп жаткам, бир маалда эле мени кошуп жазып салыптыр, жаман сөздөр менен, таңгалдым. “Болотту токмоктоп кетиптир”, – деп укканымда өтө кыжаалат болуп, тааныш журналисттерден сураштырып, “жардам керек бекен?”, – деп сурап кайрылганым эсиме түштү. Ошол маалда, азыр деле Мекенден алыста жүрөм. А эмнеге ал жигит мен жөнүндө жаман ой калтырган? А мен болсо, ал жигит боюнча жакшы тилектерди айтсам деп ойлонуп калдым. А мүмкүн Болотко текст жазып беришип эле окутуп коюшту, заказ менен эле биздин фамилияларды коштуруп койду го. Ал эми журналистке кол салган кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде жазалоо – бул ИИМ үчүн “дело чести” болуш керек.
Болот иним, эртерээк сакайып кет, сага ийгиликтерди каалаймын. Ушактарга ишенбей, ар бир адамга туура баа берүүнү үйрөнсөң деп ойлоймун“.
Эске сала кетсек, 9-январда журналист Болот Темировго кол салуу болгон. Ал кечээ, 11-январда катуу билдирүү жасап, анда ал өзүнө кол салууга “Раим” аттууну күнөөлөп, Келдибеков, Төрөбаев, Жумабеков жана Ташиевдин атын атап, аларды “андан сөөк ыргытып коёбу” деп аңдыгандар” деп айыптаган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ