Menu

Караколдо күйөөсү аялына бензин чачып, өрттөп жиберген иш Акыйкатчынын көзөмөлүндө

Бөлүшүү:

Караколдо күйөөсү аялына бензин чачып, өрттөп салган иш Акыйкатчынын Ысык-Көл өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынын басма сөз кызматы бүгүн, 13-январь күнү билдирди.

Акыйкатчынын наамына Жогорку Кенештин депутаты Д.Бекешов Ысык-Көл районунун, Бактуу-Долоноту айылынын тургуну Н.С. кызыкчылыгында кат менен кайрылган.

Акыйкатчысынын орун басары Г.Жамгырчиеванын тез тапшырмасынын негизинде, 2019-жылдын 18-декабрында  КР Акыйкатчысынын Ысык-Көл өкүлчүлүгүнүн инспектору Б. Абдиев  жерине барып териштирүү ишин жүргүздү.

Ысык-Көл РИИБ берген маалыматы боюнча Н.С арыздары 2019-жылдын 1-декабрында жана 2019-жылдын 13-декабрында  Ысык-Көл райондук ИИБ катталып, сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Н.С менен кезиге алган жок, себеби ал Бишкек шаарындагы “Сезим” кризистик борборуна жайгаштырылып, реабилитация өтүп жана юридикалык жардам берилип жатканын телефон аркылуу билдирди.

Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын тургуну Н.С зомбулука учураганы боюнча интернет булагына чыккан маалыматтын негизинде 9-10.01.2020-жылы Ысык-Көл өкүлчүлүгүнүн  инспектору Б. Абдиев  жерине барып, укугун коргоого жана тергоо иштери менен танышууга жиберилген.

Үстүбүздөгү жылдын 9-январь күнү Ысык-Көл өкүлчүлүгүнүн инспектору Б. Абдиев  Ысык-Көл аймактык ооруканасына барып,  Н.С. менен кезигип жана врачтар менен сүйлөшүп,  бүгүнкү күнү Н.С. кандай дартка учураганы тууралуу  маалымат беришти.

Ал: баш мээнин жабык жаракаты (закрытая черепномозговая трамва), баш мээнин жеңил даражада чайкалышы, эттин жанчылышы, билектин жана шыйрактын кесилген жаракаты ооруларынан дарыланууда.

Ысык-Көл райондук ИИБнун берген маалыматты боюнча 2020-жылдын 6-январь күнү Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Көл райондук “тез жардам” кызматынан 2020-жылдын 6-январь күнү болжол менен саат 15:30 чамаларында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайында Н.С. аттуу жаранды Жүзүмалиев Азиз аттуу жаран эч себепсиз уруп сабап, денесине жаракат келтиргендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган билдирүү боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө ыкчам тобу Ысык-Көл райондук ооруканага барган учурда, Бактуу-Долоноту айылынын Ынтымак кочосунун тургуну,1990-жылы туулган Н.С. арыз менен кайрылган. Арызда 2020-жылдын 6-январында  болжол менен саат 12:00 чамаларында Бактуу-Долоноту айылынын Достук көчөсүнөн  түшсөм, мага тааныш Азиз жаныма автоунаасына түшүп келип, мени кыйнап  автоунасына  отургузуп, көл жээгине  алып барып сабап, сүйрөп, башка көзгө койгулап, бычак менен сол колумду тилип, денеме жаракат келтирди деп көрсөтүлгөн.

Бул арыз 2020-жылдын 7- январь күнү Ысык-Көл РИИБдин КЖБРне №03-015-2020-000027 саны менен катталып, КР ЖКнын 266-бер. 1-б менен сотко чейинки өндүрүш иши башталаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: