Menu

Видео – Мунарбек Каттабеков, Көк-Таш айылынын тургуну: “Баткен чек арасындагы чырдан кийин негизсиз кармалган 4 баланы бошотууну талап кылабыз! Себеби, чырды биринчи тажик тарап баштаган”

Бөлүшүү:

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан чырдан кийин, кармалып, камалган балдардын туугандары жана “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү бүгүн, 13-январда, Ак үйдүн алдына пикетке чыгышты.

Көк-Таш айылынын тургундарынын атынан Мунарбек Тактарбеков сүйлөп, ал чек кыргыз-тажик чек арасындагы болгон чындык бийликке жетпей, губернатор, аким чек ара маселеси боюнча эч нерсе чечпей жатканынан улам, аргасыз Ак үйдүн алдына пикетке чыккандарын айтты. Ошондой эле ал чек ара чырынан кийин, Көк-Таш айылынын 4 тургуну негизсиз кармалып, камалганына айыл тургандары нааразы экендерин жана ушул күнгө чейин чек ара маселеси чечилбей келатканын баса белгиледи. Анын айтымында, ал кармалган балдарда күнөө жок, чырды тажик тараптын тургундары баштаган. “Чырды ким, качан баштаганы боюнча бизде далилдер бар. Тажик тараптын тургундары биз тарапка алгач “кол салып”, чыр салганы бул чындык, бул факт. Ушул фактыны жана канча жылдан бери чечилбей келаткан чек ара маселесин журт ата, бу кишини биз журт ата деп тааныйбыз да, президентибиз Сооронбай Жээнбеков тезинен чечип берсе жакшы болот эле. Президентибиз ошол жакка барды эле, Тажикстандын президенти менен сүйлөштү эле, бирок, чечилген жок да. Чек ара маселеси тезинен чечилбесе, ал жерде жашап жаткан бизге аябай эле оор болуп атат. Себеби, бир жолдон тажик тараптын жарандары менен чогуу басабыз, чогуу бир жерден суу ичебиз. Күнүмдүк турмушта чыр чыгып кетет экен. Аны биз, жашоочулар жон терибиз менен сезип жатабыз. Президентке кайрылат элек, тезинен чек ара маселесин чечип берсин деп”, – дейт М.Талгарбеков.

Мунарбек Каттабековдун айткандарын төмөндөгү видеодон көрсөңуз болот:

Эске сала кетсек, 10-январга караган түнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Андан улам, Көк-Таш айылындагы аялдар менен балдар коопсуздук жайга (мектепке) жайгаштырылган.

Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырган. Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз тарапты күнөөлөгөн маалымат тараткан. Кыргызстандын чек арачылары ал маалыматты четке каккан. Бул чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон 11-январда телефон аркылуу сүйлөшкөн. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү эртең, 14-январда жолугуп, маселени талкуулашмакчы.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: