Menu

Трамптын күйөө баласы Сауд Арабиясына жашыруун сапар менен барды

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамптын күйөө баласы жана анын жакын кеңешчиси Жерард Кушнер Сауд Арабиясына алдын ала жарыяланбаган сапар менен барды. Бул маалыматты ал кайтып келгенден бир күн өткөндөн кийин Ак үйдөн ырасташып, Кушнердин сапары шаршембиден шейшембиге чейин созулганын билдиришти.

Кушнер президенттик администрацияда Жакынкы Чыгыш багытындагы маселелерди жетектейт. Сапарда аны улуттук коопсуздук боюнча жардамчысынын орун басары Дина Пауэлл жана Жакынкы Чыгыштагы атайын чабарман Жейсон Гринблатт коштоп жүргөн. Гринблаттын Сауд Арабиядан тышкары Каир, Амман, Иерусалим жана Рамаллуга дагы баргандыгы кабарланууда.

Ак үй Кушнердин Сауд Арабиясында ким менен жолукканын ачыктаган жок. Болгону израилдиктер менен палестиндиктердин тынчтыкка жетишүүсүнө көмөктөшүү боюнча президенттин аракеттери белгиленди. Ошол эле маалда Кошмо Штаттар бул жараянда ортомчу гана болуп, өз дипломатиясы менен тараптар ортосундагы түз сүйлөшүүлөргө аралашууга ниеттенбегени белгиленген.

Жерард Кушнердин Сауд Арабиясына ушуну менен үчүнчү жолу барды. Буга чейинки августтагы сапарынын жүрүшүндө ал Израилдин премьер-министри Нетаньяху жана Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен дагы сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: