Бишкек шаардык кеңешиндеги аталган партиянын фракция лидери милдеттерин өткөрүп бергени 13-январда белгилүү болду. Ал өз аразын БШКнын төрагасы Жаныбек Абировго жөнөткөн.
Мурда белгилүү болгондой, Асылбек Кадралиев жана аталган фракция Бишкек мэри Азиз Суракматовго ишеним көрсөтпөө меселесин Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинен алып салышкан эле. Ошондой эле ал сунуш кылган футболдук борбордун курулушуна жер тилкесин бөлүү маселеси да күн тартибинен алынган.
Эмнеге Асылбек Кадралиев өз ыктыяры менен фракция лидерлигинен кеткени белгисиз. Өзү түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ