Menu

Феликс Кулов: «Дача-СУга кулаган жүк Атамбаевге таандык дегенге ишенбейм»

Бөлүшүү:

— Феликс Шаршенбаевич, өткөн маек Азиз Батукаев, Рысбек Акматбаев тууралуу болду эле. Батукаев тууралуу дагы бир суроо жаралып жатат. Аны өлкөгө алып келүү реалдуубу?

— Мен юрист катары жооп берейин. Батукаев же башка адам болобу айырмасы жок. Биздикилер Батукаевди кайтарып бергиле, көрсө аны туура эмес бошотуп жибериптирбиз деп сурайт да. Мисалы, Россиядан кимдир бирөө бул жакка келсе, Москва дагы ошондой деп сураса, кылмышкерди туура эмес чыгарып жибергендиги үчүн кимди камадыңар?- деп сурамакмын. Эмне, ал качып кетти беле? Жок. Эмне, силер кылмышкер деген адам анализинин жыйынтыгын жасап коюптурбу? Жок. Ал тапшырды, тигил жактагылар жасады. Эч кимди күнөөлүү деп камабасаңар, мен эмне үчүн кайтарып беришим керек? Күнөөлүүнү камагыла, андан кийин кайтарып беребиз демекмин. Баардык юрист ушинтип айтат. Чыгарууга ким күнөөлүү болсо, аны камагандан кийин гана кайтарып алууга негиз жаралат. Ага чейин эч нерсе болбойт. Эч ким кайтарып бербейт.

— Сиз “Атамбаев мага Шамиль Атаханов келип, “ Батукаев оорулуу, эч кимди өлтүргөн эмес, бошотуп жибербейлиби? ” деп суранган” деп айтып берген деп айттыңыз. Атамбаевди Атаханов алдаган болуп атабы?

— Мага Алмазбек Атамбаев өзү айтып берип атпайбы. Ушундай болду да.

— Атамбаев Атаханов айтты деп эле макул боло бербесе керек. Азиздин бошотулушуна Чеченстандын президенти Р. Кадыров аралашкан деген сөздөр чыкпады беле?

— Мен Чеченстандын президенти аралашкан дегенге ишенбейм. Мүмкүн Россиядан кимдир бирөө аралашкандыр. Атахановдун баласы самолётту даярдаган деген сөз болгон. Атамбаев өзү эле чечим чыгарып, аралашпаган болуш керек. Бул анын деңгээлиндеги иш эмес. Атамбаевдин да жакшы жактары бар. Ал кээ бир учурларда ачык сүйлөшө алат. Батукаевди ошол киши чечкен дегенге ишенбейм. Дача-СУга кулаган жүккө аны аралашкан дегенге да ишенбейм.

— Ушул кезге чейин жүктүн чыныгы ээси ким экени ачыкталбай жатпайбы? Жөнөкөй ишкердики болсо эбак айтылмак да? Түркиянын маалымат каражаттары жүк Атамбаев жана анын үй-бүлөсүнө таандык болгон деп маалымат чыгарышканын жарыялашпадыбы?

— Кулаган самолёт жүктүн кайсыл бир бөлүгүн калтырып, Түркияга учмак делип маалымат айтылды. Бул Атамбаевге керек эмес да. Жүктүн ээси да Кыргызстанда жок болуп жатпайбы. Документ боюнча жүк Түркияга жүктөлгөн. Бул жакка болгондо башка маселе болмок.

— Түркияда дагы жүктүн ээси айтыла элек?

— Контрабанда болгондуктан баары качып кетсе керек. Мүмкүн, биздикилер Түркия аркылуу контрабанда жасагылары келишкендир. Ошондуктан унчукпай жүрөт болуш керек.

— Казакстанда парламент депутаты контрабанда менен кармалбадыбы. Ал бул ишти өзү жалгыз көзөмөлгө алышы мүмкүнбү? Өзүнөн күчтүү фигуралар болбосо, мындай ишти алып баруу кыйын эмеспи…?

— Балдар ал депутатты Динарбек деп айтышат экен. Атасынын сүйлөгөнүн телевизордон көрдүм. Жөнөкөй эле адам, карапайым жашоодо жашаганы көрүндү. Менимче Динарбек “пешка” сыяктуу. Ал бажыга, УКМКга буйрук бере алат беле? Анын бул контрабандалык иште күчтүү фигура экенине ишенбейм.

— Юрист катары айтсаңыз, Атамбаевдин резиденцияга өзүнүн досторунан акча алып, үй салганы мыйзамдуубу?

— Мыйзамда үй береби же жокпу дагы деле иштелип чыга элек вариант. Бул киши өзүмдүн акчама салдым, кийин мамлекетке өткөрүп берем деп айтып жатат. Ачык айтайын, мен үчүн дагы түшүнүксүз. Мыйзамдуу жолго келгенде, эгер мурунку президентке үй салыш керек болсо, ал Өкмөт аркылуу өтүшү керек. Бул ачык болушу шарт. Атамбаевдин миллиондогон акчага үй салганы жашыруун болуп, андан дагы досторунун жардамы менен болуп жатканы юридикалык суроолорду жаратат. Мурун биздин мыйзам боюнча мамлекеттик чиновник 20 доллардан ашкан белекти алууга уруксат берилчү эмес. Андан жогоркусун өткөрүп берүүгө милдеттүү болчу. Мен губернатор болуп турганда кытайлар белек алып келишкени эсимде. Атайын комиссия келип, каттоого алып, өткөрүп бергем. Бирөө жөнү жок эле миллиондогон доллар жардам бергенди түшүнүү өтө татаал. Эгер жардам берген достор мамлекет үчүн демөөрчү болушуп, үй куруп берсе, ага мыйзам жол берет. Ал үйдө ким жашай турганын мамлекет чечет. Бул жерде Атамбаев жооп берчү суроолор бар. Кайсыл досторунан акча алды?

— Коомчулук Атамбаевдин айткан сөздөрүн дагы бир топ жыл талкууга алат. Сиз ал кишинин жасаган билдирүүлөрүн адекваттуу деп эсептейсизби?

— Экс-президент деген статусту сыйлап, ал кишини аябагандай эле эмоциялуу деп айтып келатабыз. Өтө эле эмоциялуу болгон кишинин айткандарын кечирип, ага көңүл бурбай эле койбойлубу?

— Каржылык жардам болгондон кийин бул суроону бербесек болбойт. “Ар-намыс” партиясы 2010-жылы парламенттик шайлоодо жакшы добуш алган. Ошондо сизди Россия каржы жагынан колдогон дегендин чындыгы барбы?

— Мен Россияда окудум да. Мени менен чогуу окуган бир топ балдар бизнеске кетишти. Ошолор жардам беришти. Өз учурунда мен дагы аларга жардам кылгам. Ал кездеги шайлоодо азыркыдай акча керек эмес болчу. Саясатчылардын эл арасындагы аброю да роль ойногон. Кийинки шайлоодо тыйын баарын чечти. 2015-жылы шайлоодо үйүмдү банкка күрөөгө койгом. Ал акча дагы жетишсиз болду. Каржы жетишсиз болгондуктан утулуп калдык да. Мен азыр утулуп калганыма ыраазымын. Эл азыркы парламент кандай экенин көрүп жатпайбы. Саналуу эле азаматтар бар. Көпчүлүгү бизнесмендер, алар саясатчы эмес.

— Сиз премьер-министр болуп турганда Жаныш Бакиевдин Мамлекеттик күзөт кызматына дайындалышына жардам берген экенсиз?

— Мага ыраматылык Медет Садыркулов менен Мурат Суталинов келип “Биз Жаныш Бакиевди ИИМ министринин биринчи орун басарлыгына көрсөтүп жатабыз” деди. Карап турдум дагы, президент менен макулдашылганбы?- деп сурадым. “Ал киши сизге барууну айтты. Министрдин орун басарын ал киши эмес, премьер-министр сиз чечесиз да” дешти. Макул, президентке кирип сүйлөшөйүн дедим. Президентке кирип, Курманбек, ушундай маселе болуп жатат. Сен кандай чечим кабыл алдың?- деп сурадым. Ал мага “Мен оппозицияда жүргөн кезде, Жаныш темир жол милициясын жетектеп турган. Аны жумуштан алуу үчүн Акаев текшертип, эч нерсе тапкан эмес. Таза иштеген. Туурабы?” деди. Туура дедим. “Сенин ага дооматың барбы?” деп сурады. Жок деп жооп бердим. “Ал милициянын жогорку мектебин бүтүрүп, лейтенант болуп ишин баштаган. Туурабы?” деди. Туура деп айттым. “Эмне үчүн аны дайындагың келбей жатат? Сенин ага каршы негизиң барбы?” деди, эч кандай негиз жок дедим. “Министр сурап жатабы?”, сурап жатат деп айттым. Ушундай болсун деп атканыңдан кийин менин бөлөк сунушум бар. Айтбаев менен сүйлөш, Жаныш ошол жакка барсын. Сен УКМКдан кат алып жатасыңбы?- десем, “Алып жатам” деди. Алар тегеректин баарында каршылаштар деп жазып атабы? Өзүңдүн иниң ошол жерге барып, чын эле ошондойбу же андай эмес экенин көрсүн деп айттым. “Жакшы, мен сүйлөшүп көрөйүн” деп калды. Андан кийин мага “Маселе чечилди. Ошол жактан сунуш болот” деп айтты. Андай болсо, мен кол коём дегем. Бир айдан кийин Жанышка телефон чалып “Жаныш, эмнеге аз маалымат берип жатасыңар?” деп сурадым. Ал болсо “Жолдош генерал, бул жакта көп нерсени өздөрү эле ойлоп табышат экен” деген.

— Медет Садыркуловду ким өлтүргөнүн билесизби?

— Мен ушул маселе боюнча Курманбек Бакиевге киргем. Анда Садыркуловду өлтүрүп кетишти деп айтуу кыйын болчу. Оперативник катары унчукпай олтура албайт болчумун. Кирдим дагы “Оперативниктер эмне деп айтаарын билгиң келеби?” дедим. Бул атайын киши өлтүрүү деп айттым. Ал “Жок, андай болушу мүмкүн” эмес деп бир аз кызара түштү. Киши колдуу болгону тууралуу билип койгонуң жакшы. Буйрук берип, баарын текшерт дедим. “Буйрук бергем, баарын текшерип чыгышты. ДТПга катышкан киши мойнуна алыптыр” деген. Киши мойнуна алып жатса эмне дей аласың?

— Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен соң, саясаттан толугу менен кеткенин айтты. Ал ошол сөзүнө турабы же кайрадан саясатка аралашабы?

— Эми ал үчүн саясатка аралашыш аябай кыйын болот. Элге баарын түшүндүрүп берүү кыйын. Эл да колдобойт.

— Эл арасында кыргыздын эки падышасы бөтөн элде жашап жатат. Аларды кечирип, өз жерине алып келиш керек деген сөз айтылып калат. Аларды кечиргенге болобу?

— Бакиев тууралуу азыр күмөн бар. Акаевди кечирсе эмне үчүн болбосун? Ага кылмыш иши ачылган эмес.

— Иш козголсо керек, Акаевдин агасы көз жумганда, бийликтегилер келсе эле кармайбыз деген сөздү айтышпады беле?

— Салянова “Биздин ага бере турган суроолорубуз бар” деп айткан. Мен аябай таң калып, расмий билдирүү жасагам. Келе турган болсо, бере турган суроолорубуз бар деп айтыштын эмне кереги бар? Вена конвенциясы боюнча Россиянын прокуратурасына суроолоруңду жиберсең, алар ошол суроолор боюнча сурай беришет. Эмне үчүн анын келишин күтүп жатасың? Кайсыл негиз менен? Агасын акыркы сапарга узатып, пенделик милдетин аткарууга эмнеге тыюу салышыбыз керек?

— Бакиев боюнча кандай күмөн бар?

— Бакиевди сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан соттун чечими бар. Ал чечимди сот гана жокко чыгара алат.

— Россия белекке берген, ызы-чууну жараткан тапанча азыр кайда?

— Россиянын ФСБсы расмий түрдө мага белек кылган. Мен анда мэр болчумун. ФСБны Путин башкарып турган. Тапанча өзүмдө.

— Атаңыз ыр жазчу экен. Сиз да ыр жазасызбы?

— Жок, мен ыр жазып көргөн эмесмин.

— Шаршенбай аксакалдан эмнени үйрөнө алдыңыз?

— Ал киши чыныгы патриот болчу. Атам “Бизге экинчи секретарлар эмне үчүн Москвадан келет?” деп таң калчу. Мен ал кезде жаш болуп, саясатты түшүнбөгөн кезим да. Атам мага көп нерсени үйрөтүп кетти.

— Жаш кезиңизде атаңыздын токмогун жеп калдыңызбы?

— Ооба, токмокточу. Балдар менен мушташканым үчүн, мектепке барбай, сабактарды калтырганым үчүн токмок жегем. Бала кезимде мушташка жакын болчум да.

Маектешкендер: Б. Назаралиев, Н. Асанбаев

Булак: Жаны Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: