Нарын облусундагы Нарын шаарынын мэрин шайлоо 1-октябрда өтөт. Ага 3 талапкер ат салышууда.
Алар: Эмилбек Чымылдаков, шаардын мэриясынын алдында муниципалдык менчик башкармалыгын жетектейт. Сталбек Мукамбетов, Нарын шаардык кеңешинин депутаты. Дагы бир талапкер – Нурбек Молдокадыров, Ак-Талаа районунун акими.
Эскерте кетсек, 6-сентябрда, мурунку мэр Эмилбек Алымкулов Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганына байланыштуу бул орун бош калган. Ал эми мурдагы жетекчи Аманбай Кайыпов 2-сентябрда Солтон-Сары кени жана контейнер-мектеп чырынан кийин кызматтан кеткен. Бирок, кызматтан кур калган жок, ал жарым күн өтпөй Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча комитеттин төрага орун басарлыгына дайындалган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ