Бүгүн, 19-августка карата өлкө боюнча дагы 179 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 39;
Ош шаары – 8;
Чүй облусу – 17;
Ош облусу – 24;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 39;
Жалал-Абад облусу – 26;
Баткен облусу – 22.
Муну менен өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 42 миң 325.
Өткөн суткада 312 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Жалпы бүгүнкү күндө 35 миң 197 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ