Бүгүн, 27-декабрда ӨКМге караштуу Сел жана суу ташкындарынан коргоо мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Сапарбек Бакыевдин сөөгү Өзгүр айылындагы бейитке берилди.
Эске сала кетсек, маркум Сапарбек Бакыев 25-декабрда, кечки саат 20:20 чамасында киши колдуу болгон, аны короосунан атып кетишкен. Тагырагы, Ош шаарындагы Өзгүр айылынын Кулматов көчөсүнөн 1984-жылы туулган С.Бнын жансыз денеси табылып, анын башынын аркасына жана мурун тарабына ок атылганы аныкталганын жана анын сарайынан уюган кандын изи жана төрт метр алыстыкта октун гильзасы табылганын милиция билдирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ