Menu

Толгонай Стамалиева, президенттин басма сөз катчысы: “Президент Канат Сагымбаев боюнча эчтеке убадалаган да, комментарий да берген жок”

Бөлүшүү:

Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна барып, Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолуккан. Анда жергиликтүү тургундар УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев боюнча суроо беришкен. Ал суроого президент жооп берген эмес. Бирок, айрым сайттар: “бул маселени чечип берүүнү президент убада кылды” деп жазып жиберишкен.

Ушундан улам, президенттин туура сөзүн элге жеткирүү максатта, бүгүн президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева жооп берди. «Айрым массалык-маалыматтык каражаттарында президент Канат Сагымбаевдин маселесин чечип берүү боюнча бурмаланган маалымат тарады. Президент Сооронбай Шариповичтин кечээги эл менен жолугушуусунда бирөө Сагымбаевдин төрт баласы бар экенин жана жубайы ооруканада жатканын айтып, кармалышына көңүл буруп коюну суранган. Ошол эле учурда мурунку президенттин айланасындагы ишине президент кийлигишпей тургандарын айтып, болгону Сагымбаевдин балдарын жана жубайын эске алууну суранды. Сооронбай Жээнбеков Жети-Өгүз районунун жашоочулары берген суроолорду жазып алды. Бирок эчтеке убадалаган жок жана комментарий берген жок», – деди Т.Стамалиева.

Эскерте кетсек, Атамбаевдин жансакчысы К.Сагымбаевдин бөгөт чарасы кечээ, 26-сентябрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, аны 8-октябрга чейин №1 тергөө абагында кармоо тууралуу чечим чыгарган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: