Menu

Жалал-Абад: Кепилдик фонддон канча пайда?

Бөлүшүү:

Быйылкы жарым жылда Жалал-Абад шаарында иштеп жаткан “Кепилдик фонд Жалал-Абад” коомдук фондусунун жардамы менен 6 жумушчу орду түзүлгөн. Буга чейин дагы 6 жумушчу орду менен фонддон жардам алган ишкана иштеп келатат. Бул тууралуу аталган фонддун башкы директору Канатбек Сулайманкулов билдирди.

Алынган маалымат боюнча, фонд тарабынан быйылкы жарым жылда ишкерлерге үчүн 6 кепилдик жардам көрсөтүлгөн. Алардын жалпы көлөмү 1 миллион 150 миң сомду түзөт. Анын бешөөсү соода тармагына, бирөөсү кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө таандык. Кепилдиктин негизинде ишкерлерге берилген насыянын көлөмү 4 миллион 200 миң сомго тете.

-Ишкерлер өнүккүсү келет, аны үчүн аларга насыялар керек. Бирок, ишкерлерде күрөө каржылык жагынан кыйынчылыктар туулат. Ошол учурда биз колдоо иретинде насыя алуу үчүн кепилдик каражаттарын бөлүп беребиз. Биздин кепилдик колдоонун натыйжасында насыя алган ишкерлер шаарда буга чейин 6 жумушчу ордун түзүшкөн болсо, быйылкы жарым жылда да 6 жумушчу ордун түзүштү. Ошентип, жөн гана кирешеси көбөйүп тим болбостон, жумушчу орундарын түзүп, бизнес коомго өзүнүн социалдык кызматын аткарып жатат, – дейт К. Сулайманкулов.

Канатбек Сулайманкуловдун билдиришинче, “Кепилдик фонд Жалал-Абад” коомдук фондусу шаарда ишмердүүлүгүн 2011-жылы баштаган.

-Беш жылдын ичинде фонд 3 миллион 50 миң сомдук капитал менен иштеп жатат. Мурда кепилдик шаар менен эле чектелип келген болсо, бүгүнкү күндө фонддун ачык акционердик  коому ачылып, эми мындан ары област боюнча кардарларга кепилдик бериле баштады. Беш жыл аралыгында биздин фонд 130 чакан жана орто ишкерлерди юридикалык жактарга кепилдикке көрсөттү. Фонд тарабынан аларга 10 миллион сомго жакын кепилдик бердик. Андан сырткары, 50 миллион сомго жакын кредит берилди. Жеке ишкерлердин эсебинен жергиликтүү жана республикалык бюджетке 2 миллион сомго жакын салык түштү. Ошондой эле 518 жумуш оруну түзүлдү, – дейт ал.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: