Бүгүн, 21-март күнү Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевдин катышуусунда онлайн-маалымат жыйын өтүүдө. Анда авиакаттамдардын чектөөсү тууралуу маалымат берилди.
Маалыматта “Авиа трафик” авиакомпаниясы чартердик каттам аткарууга макулдугун берген.
“Бүгүн же эртең Шарм-эль-Шейхте калган 100дөн ашык Кыргыз жарандарын өлкөгө алып келишет”, – деди Курманбек Акышев.
Эске салсак, Египеттен кыргыз жарандары келе албай жатышкан. Алар Алматы шаары аркылуу Кыргызстанга учуп келишмек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ