Норвегияда жер көчкү жүрүп, кичинекей кыштакты деңизге агызып кеткен. Бул тууралуу видеотасманы бүгүн, 4-июнда Altaposten басылмасы жарыялаган.
Такталгандай, жаратылыш кырсыгы кечээ, 3-июнда болгон. Видеотасмадан көрүнгөндөй, жер бетиндеги жаракалар чоңоюп, үйлөр кулап, алар деңиз суусуна чөгүп барат.
Видеотасманын автору Ян Эгил Бэккебринин айтымында, ал курулуш ишин жүргүзүп, түштө тамактанып жатканда, катуу үн чыкканын уккан. Баары ушунчалык тез болгондуктан, ал үйүнөн чуркап чыкканга эптеп жетишкен. Анын үйү да жаратылыш кырсыгынан улам талкаланган.
Белгиленгендей, Баккабри ошол күнү кыштакта жалгыз болгон. Бул жерде сегиз дача үйлөрү бар болчу. Алардын ээлери дем алыш күндөрү эс алганы келип турушчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ