Бишкектеги №3 балдар ооруканасында жаш келин врачты сөгүп, ага кол көтөргөн. Бул тууралуу видео Фейсбуктагы KG_врачи группасына жарыяланган.
Маалыматтар боюнча, наристе дарыгерлердин кароосунан өтүп, тиешелүү дары-дармек жазылып берилген. Бирок, мындайды туура эмес даарылоо деп эсептеген жаш келин дарыгерлерди каргап-шилеген.
Натыйжада, келин менен дарыгердин ортосунда пикир келишпестиктер чыгып, жини келген келин дарыгерге кол көтөргөн.
Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги окуянын чоо-жайын тактоодо.
Этият болгула, видеодо нормативдүү эмес лексика бар!
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ