Menu

Видео – “Биримдик” партиясынын Оштогу штабында ректорлор, мамлекеттик кызматкерлер эмне кылып жүрөт?

Бөлүшүү:

Кечээтен бери социалдык тармакта «Биримдик» партиясынын Оштогу штабында Жогорку окуу жай ректорлору, муниципалдык башкармалыктардын жетекчилеринин иш убагында жүргөнү кызуу талкуу болууда. Мындан улам «Т-Медиа» бүгүн, 6-мартта партиянын штабына жооп алганы барды.

Редакциялык топ «Иш учурунда муниципалдык кызмат адамдары саясий партиянын штабында эмне кылып жүрөт?» деген суроого жооп алуу үчүн «Биримдиктин» Ош шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун мурдагы имаратында жайгашкан штабына баш бактык.

Кирип баратып эле Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Кубатбек Дубанаевди учураттык. Ал жооп берүүдөн баш тартып, камерадан өзүн алып качты.

6-март, саат 10:39

Партиянын штаб башчысы жумуш ордунда жок деп айтышты. Бирок биздин кадрга илинген Ош мэриясынын аппарат жетекчиси Максатбек Зикиров сураштырып келгенде штаб башчысы болуп чыкты. Муниципалитеттин басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров анын 10-февралдан 15-мартка чейин расмий эмгек өргүүгө чыкканын белгиледи. Бирок Зикиров ага карабастан мэрия кызматкерлерин «Биримдиктин» штабында кабыл алууда. Бул жөнүндө кечээ штабда эмне максатта жүргөнүн бизге түшүндүргөн вице-мэр Жасур Азимов айтты.

Партиянын штабына 5-мартта келген мамлекеттик жетекчилердин бири — Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековду бүгүн да ал жактан жолуктурдук. Ал иштери менен келгенин гана айтып чектелди.

6-март, 10:55

Мындан тышкары партиянын короосунан иш учурунда (ред-саат 10:42) Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ректору Эгемберди Токторовду, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Бексултан Көкөновду, Ош облусундагы атайын адистештирилген дүлөйлөр мектебинин директору Айгүл Кудайкулованы жолуктурдук. Алардын эмне максатта штабка барганы боюнча билим берүү министринин өкүлү Өмүрбек Акбарали уулу тактап, комментарий бере турганын билдирди.

Штабдан «Ош шаардык суу канал» ишканасынын директорунун орун басары Талант Байкишиев да учурады.

6-март, саат 11:30

Ал азыркы учурда эмгек өргүүдө экенин айткан болсо, Ош мэриясынын өкүлү Абсаттаров анын имаратты суу менен камсыздоо иштери боюнча барганы менен түшүндүрдү.

Кечээтен бери өзүн Ошто эместигин айтып жаткан Илим Карыпбековду да көрдүк. Баса, Карыпбеков партиянын коомчулук менен байланыш кызматын жетектейт. Биз андан иш учурунда муниципалдык кызматкерлер штабда эмне кылып жүргөнүн сурамак болгонбуз. Ал телефон менен сүйлөшүп, бизден өзүн ала качып койду.

6-март, саат 12:00

Кечээ да Карыпбековдон  ушул суроо боюнча жана «Биримдиктин» ижарага алынган штабы тууралуу сурамак болуп байланышканда, ал Ошто эместигин айткан. Бирок биздин кабарчы аны ошол күнү жыйналышта көргөн. Илим Карыпбеков менен жолугууга штабдын кире беришинде турган спорттук дене түзүлүштөгү жигиттер уруксат берген жок.

«Биримдик» партиясынын штабы боюнча биз сунган микрафонго жалгыз жооп берген Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев болду.

6-март, саат 12:15

Эл өкүлү эки күндөн бери (ред- 5-6-март) партиянын штабынан эч бир мамлекеттик орган кызматкерлерин көрбөгөнүн белгилейт. Анын сөзү боюнча, 13-марттан тарта партиянын эшиги бардык адамдар үчүн ачык болот.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/1114690328884389/

Булак: t-media

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: