Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Жүргүзүлгөн реформа негизги максатты – жеке ишкерликти коргоо, көмүскө экономика менен күрөшүү жана таза атаандаштыкты түзүүнү аткарышы керек”

Бөлүшүү:

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформа негизги максатты – жеке ишкерликти коргоо, көмүскө экономика менен күрөшүү жана ишкерликте таза атаандаштыкты түзүүнү аткарышы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

«Айрым эксперттердин маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын үлүшү 24төн 43% чейин жетет. Эгерде салыктык төлөмдөрдү чебер башкарса, көптөгөн   социалдык маселелерди чечсе болот. Фискалдаштыруу боюнча реформанын жыйынтыгы, баарынан биринчи, калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоого багытталат. Бирок эң негизгиси – бул реформа адилеттүүлүктү орнотушу керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдө салык жол-жоболорунун системасы натыйжалуу иштерин белгиледи.

«Бул өлкөлөрдө салыктык башкаруу санариптик технологияларда түзүлгөн. Буга байланыштуу биз республикада фискалдаштыруу системасын киргизүүнү чечтик. 2019-жылы бир катар татаал милдеттер аткарылды. Бирок айрым жактар тарабынан түшүнбөстүктөрдөн улам кээде жүргүзүлүп жаткан реформаларды туура эмес түшүндүрүү жүрүүдө. Ушуга карабастан салыктык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу системасы толук кандуу киргизилиши керек. Бул биринчи кезекте, бизнес жүргүзүүдө ачык атаандаштыкты түзүп, көмүскө экономиканын тамырын кыркат», – деп баса белгиледи Премьер-министр.

Жыйында 9 маселе, анын ичинде фискалдаштыруу маселелерине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоорун өркүндөтүү жана кабыл алуу, Салык кызматынын маселелерин иштеп чыгуу борборун курууга даярдык көрүү, май куюучу жайларда башкаруунун автоматташтырылган системасын жана электрондук эсеп-фактураларын киргизүү, кассалык чектер боюнча өбөлгөлөөчү акцияларды ишке берүү каралды.

«Фискалдаштыруу эмне экендиги коомго толук жете элек. Бардыгы реформа бизнес жүргүзүүдө көптөгөн татаал процедураларды жаратат деп ойлошот. Бизнес өкүлдөрү, андан соң коомчулук менен жолугушууларды көп өткөрүү керек. Андай эмес экендигине негиздүү ынандыруу зарыл. Фискалдаштыруунун алкагындагы бүт аракеттер бардык процедуралардын ачык-айкындуулугуна багытталган», –  деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кийинки жыйынга чейин долбоорлорду аягына чейин иштеп чыгып, аларды жакшыртуу сунуштарын киргизүүнү тапшырып, бизнести колдоо жана салык кызматына калктын ишеним деңгээлин арттыруу боюнча коюлган максаттарга жетүү үчүн жаңы долбоорлорду ишке киргизүү зарылдыгын баса көрсөттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: