Бишкек-Ош унаа жолунда машина оодарылып кетип, бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтмында, Бишкек-Ош унаа жолунун 293-чакырымында (Көтөрмө тилкеси) “Хонда Стрим” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болуп, 6 адам ар кандай жаракат алышкан. Куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ