Бүгүн, 14-январда, Бишкекте Россиялык чечендерге ит бекер сатылып кеткен Таластагы Жер үй алтын кени боюнча тегерек стол өтүүдө. Ага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, кен боюнча адистер катышууда.
Сөз алган КСДПнын лидери, экс-губернатор Сагымбек Абрахманов алтын кени боюнча эң көп лицензия берген Дүйшөнбек Зилалиевдин камалганына сүйүнгөнүн баса белгилеп, алтын кениндеги маалыматтарды парламентте жашырганы үчүн депутаттар Мирлан Жээнчороев менен Кенжебек Бокоев кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин айтып, резолюцияга ушуну киргизүү керектигин сунуш кылды. Отургандар аны колдошту.
Эске сала кетсек, 4 миллиард доллар алтыны бар “Жер үй” алтын кенин 2015-жылы Бабанов ээрчитип келген орусиялык чечен бизнесмендерге президент Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев 100 миллион эле долларга сатып жиберишкен. Кыргызстанга 1% да үлүш калган эмес. Азыр Жерүй алтын кени 100% чечендерге таандык.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ