Menu

Кыргызстандык келин жаңы төрөлгөн эгиз кыздары менен Орусияда көчөдө калып, орустардын акыйкатчысы көмөк көрсөткөн

Бөлүшүү:

Орусия президентинин алдындагы балдар укугу боюнча өкүлү Анна Кузнецовага Кыргызстандын жараны кайрылып, эгиз кыздары менен убактылуу жашаганга жай таап берүүнү суранган.

Орусия омбудсменинин сайтында маалымдалгандай, келин кош бойлуу бойдон Орусияга жолдошу менен келген, бирок жолдошу жубайын ижарага алынган батирге бир тыйынсыз таштап, мекенине кетип калган.

Ноябрда келин эгиз кыздарды төрөп, бир айдан кийин ымыркайлардын денеси ысып, Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Ошол учурда ижара берген кожоюн аларды батирден чыгарып салган экен.

“Эгиз кыздардын ден-соолугу начар, учак менен мекенине кайтуу коркунучтуу, анын үстүнө тыйын-тыпырдан кыйналып, келин балдар акыйкатчысына кайрылууга аргасыз болгон”, – деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы айым кайрымдуулук фонддордун бирине кайрылган.

Азыр жаш эне ымыркайлары менен маселеси чечилгенче, атайын жайга жайгаштырылган. Орусиянын балдар акыйкатчысы Анна Кузнецова бул үй-бүлө туралуу Кыргызстандын акыйкатчысына маалымат берген.

Орусия менен Кыргызстан Акыйкатчыларынын ортосунда 2018-жылы балдар укугу жана кызыкчылыгы боюнча атайын Меморандумга кол коюлган. Эми ушул Меморандумдун алкагында иш жүрмөкчү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: