Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.
ӨКМдин басма сөз кызматынин билдиришкендей, капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2019-жылга карата Нарын облусунан болжолдуу-планы 3 объектиде иш мерчемделип кошумча 1 объект протоколдук тапшырмалардын жыйынтыгы менен кошулган, 12 ай ичинде 3 объектте жумуш жүргүзүлгөн.
Натыйжада биринчи багыт боюнча 3 объект пайдаланууга берилип, 45-50 кожолук корголду.
Ал эми алдын алуунун экинчи багыты – “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2019-жылдагы Болжолдуу-планына Нарын облусунан 10 обьект киргизилип, 12 ай ичинде облус боюнча 10 обьекте иш-чаралар жүргүзүлдү. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында: 230 кожолук, 1 ФАП, 1 мектеп жана 450 көрүстөн сел коркунучунан корголду.
Мындан сырткары БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында алдын алуу багытында 7 кооптуу тилкеде иш-чаралар аткарылып, натыйжасында 87 турак-жай, 2 көпүрө, 430 га жер аянты табигый кырсыктардын тобокелдигинен корголду. Бул максатта КР ӨКМнен 731 даана габион торчолор бөлүнүп берилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык программасында каралган “Жашыл” долбоор иш-чарасынын алкагында 2019-жылы 8,41 га жер аянтына 8024 даана көчөт отургузулду. Жер аянттарын тосууга 136 миң 448 сомго материалдар берилген. Натыйжасында 52 турак-жай өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигинен корголду.
Жалпы Нарын облусунун аймагында аткарылган иш-чаранын жыйынтыгы менен 419 кожолук, 1 ФАП, 1 мектеп, 450 көрүстөн, 2 көпүрө, 430 га жер аянты табигый кырсыктарынын коркунучунан корголду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ